Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:11

Март айында кызамыкка каршы жапырт эмдөө башталат


Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан “Азаттыкка” билдиришкендей, март айында улуттук календардын негизинде кызамыкка каршы массалык эмдөө башталат. Ушул тапта өкмөт бөлгөн 34,4 миллион сомго вакцина сатып алуу аракеттери башталды.

Бул күндөрү Кыргызстанда кызамыкка каршы пландуу түрдөгү 1 жаштан 6 жашка чейинки балдарды эмдөө улантылууда. Мындан тышкары оорулуу менен байланышта болгон жарандарды эмдөө иштери жүрүп жатат. Аларга оору жукканы 72 сааттын ичинде аныкталат.

Республикалык иммунопрофилактикалык борбордун маалыматында бүгүнкү күндө өлкөдө кызамыкты жуктургандардын саны 4 миң кишиге чукулдады. (AzK)

XS
SM
MD
LG