Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:53

Украина эки учагы атып түшүрүлгөнүн төгүндөдү


Украин армиясынын СУ-25 учагы.
Украин армиясынын СУ-25 учагы.

Украинанын эки аскерий учагы атып түшүрүлгөнүн өлкө чыгышындагы орусиячыл жикчилердин лидерлери билдиришкен эле.

Жикчилдер жарыялаган "Луганск элдик республикасынын" лидери Игорь Плотницкийдин ырастоосунда, ага караштуу күчтөр Украинанын СУ-25 үлгүсүндөгү эки учагын атып түшүрө алды.

Кургактагы күчтөргө абадан колдоо көргөзгөн учактардын бири Ирмино деген жерде кыйрар алдында учкуч андан чыгып кетүүгө үлгүргөн.

Лугансктагылардын алдында Донецк облусунун бөлүктөрүн көзөмөлдөгөн жикчилер да украин аскерий учагын Дебальцево шаарчасынын жанында атып түшүрүшкөнүн айткан эле.

Бирок украин армиясынын басма сөз өкүлү Александр Мотузяник бул маалыматтарды төгүндөп, четке какты.

XS
SM
MD
LG