Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:46

Орус жарандары Украинага чет элдик паспорт менен гана кире алат


Украин өкмөтүнүн Орусия жарандарына карата мына ушундай эреже киргизүүнү караган чечимине премьер-министр Арсений Яценюк 3-февралда кол койду.

Ага ылайык, Орусия жарандарынан Украинага каттоодо чет элдик паспорт 1-марттан тартта талап кылынат.

Буга чейин орусиялыктар Украинага ID кард же ички паспорттор менен келе беришчи.

Премьер-министр Арсений Яценюк өкмөт жыйынында билдиргендей, Украина “мамлекеттик чек араны кесип өтүүнүн европалык эрежелерин кабыл алып”, муну Орусия федерациясынын жарандарына карата да колдонушу керек.

Мындай чара расмий Киев жана Москва касташып турган учурда көрүлүүдө.

Киев былтыр мартта Крымды аннексиялап алган Москва Украинанын чыгышында өкмөттүк күчтөр менен күрөшүп жаткан жикчилердин катарына миңдеген жоокерлерин жөнөттү деп эсептейт.

Улуттар уюмунун 3-февралдагы маалыматына караганда, Украинанын чыгышында былтыр апрелдин ортосунда тутанган уруштарда өмүрү кыйылгандар саны 5358 кишиге жетти. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG