Светлана Давыдованын адвокаты Сергей Бадамшиндин билдиргенине караганда, анын кардары Москвадагы Лефертово тергөө абагынан эч жакка кетпөө жөнүндөгү тил каттын негизинде бошотулду.
36 жаштагы Давыдова - Москвадан 240 чакырым алыстыктагы Вязьма шаарчасынын тургуну.
Жети баласы, анын ичинде эмчектеги эки айлык ымыркайы бар Давыдованы орус бийликтери мамлекетке чыккынчылык кылды деген айып менен 21-январда камакка алышкан.
Сот аялды 19-мартка чейин абакта кармоо чечимин чыгарган.
Давыдованын жактоочулары президент Путинге кат жолдошуп, көп балалуу энени абактан чыгарууга чакырышкан болчу.
Орусиянын тергөө органдарынын болжолунда, Давыдова 2014-жылдын апрелинде Украинанын элчилигине чалып, анын үйүнөн алыс эмес жайгашкан аскер бөлүктүн жоокерлери Донбасска жөнөтүлгөн болушу мүмкүндүгүн кабарлаган.
Ал күнөөлүү деп табылса, 20 жылга чейин түрмөгө кесилиши мүмкүн. (UE)