Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:42

Азат Усеналиев дүйнө боюнча айдын мыкты мушкери аталды


Азат Усеналиев.
Азат Усеналиев.

Эл аралык бокс бирикмеси (AIBA) кыргызстандык мушкер Азат Усеналиевди "Январь айындагы мыкты боксчу" деп атады. Уюмдун расмий сайтындагы маалыматка ылайык, Азия чемпиону Азат Усеналиевге бул наам Бүткүл дүйнөлүк бокс сериясынын 5-сезонунун алгачкы беттешинде европалык Эндрю Селбини уткандыгы үчүн ыйгарылды.

23-январда Киев шаарында болгон беттеште Азат Усеналиев жарым профессионалдык “Украина атамандары” командасынын намысын коргоп чыккан. Дүйнө чемпиондугунун күмүш байгесинин ээси (2011), Европанын чемпиону (2011) Эндрю Селби болсо “Британиянын арстан жүрөктөрү” командасынын курамында рингге чыккан эле.

52 килограмм салмак ченинде болгон күч сынашуу британиялыктын жаракат алгандыгына байланыштуу 5-раундга жеткенде токтотулуп, мелдеш калыстары жеңишти Азатка ыйгарышкан.

Азат Усеналиев учурда 24 жашта. 10 жашынан баштап бокс менен машыгып келет. 2007-жылы өспүрүмдөр арасында Кыргызстандын чемпиондугун уткандан кийин эл аралык мелдештерге, азиянын жана дүйнөнүн чемпиондуктарына катышып, тажрыйба топтогон. Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу 2013-жылы Азиянын чемпиону болгон. Учурда Бүткүл дүйнөлүк бокс сериясынын 5-сезонундагы беттештерге чыгуу үчүн “Украина атамандары” командасынын курамында машыгып жүрөт.

Өткөн жылы дагы Азат бул команданын катарында бүткүл дүйнөлүк бокс сериясында төрт беттеш өткөрүп, үч ирет жеңишке жетип, бир жолу Европа жылдызы Эндрю Селбиге утулуп калган эле. Эндрю Селби ал кезде “Италиянын чагылгандарынын” курамынын намысын коргоп жүргөн. (ECh)

XS
SM
MD
LG