Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:44

Бишкекте журналист Орунбековдун соту уланат


Дайырбек Орунбеков.
Дайырбек Орунбеков.

Биринчи май райондук соту журналист, maalymat.kg сайтынын негиздөөчүсү Дайырбек Орунбековго байланыштуу ишти кароону бүгүн, 4-февралда улантат. 26-январь күнкү сот күбөлөрдүн толук келбегенине байланыштуу жылдырылган.

Башкы прокуратура Орунбековго жалган маалымат тараткандарды жазалоо боюнча мыйзамга ылайык кылмыш ишин козгогон. Ага “Жаңы жүздөр” гезитине Анара Юсупова аттуу жарандын Орунбековдун ишмердүүлүгүнө байланыштуу жазган макаласы негиз болгон. Макалада Дайырбек Орунбеков өз сайтына бийлик башындагы адамдарды “Ош окуясына күнөөлүү” деп негизсиз каралап жазганы, ишенимсиз булактарга таянганы үчүн жоопкерчиликке тартылышы керектиги айтылган.

Мыйзамга ылайык, жалган маалымат тараткандарга 100 миңден 200 миң сомго чейин айыппул салынат же бир жылдан үч жылга чейин эркинен ажыратылат.

Өзүн оппозициялык маанайдагы журналист эсептеген Орунбеков муну саясий куугунтук жана сөз эркиндигине кысым деп баалап жатат. Ал тууралуу гезитке макала жазган Анара Юсупованын ким экени да азырынча аныктала элек. (SE)

XS
SM
MD
LG