Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:59

Суданда Орусия авиакомпаниясынын эки кызматкери уурдалды


“ЮТэйр” авиакомпаниясында иштеген эки киши Судандын Дарфур провинциясында 29-январда уурдалган. Бирок окуя тууралуу 3-февраль күнү гана маалым болду. Кызматкерлердин уурдалганы расмий тастыкталды. Бирок аларды кимдер эмне себептен алып кеткени жана ордуна эмне талап кылаары бүдөмүк бойдон калууда. Айрым булактарда уурдалгандар ири суммадагы акчага алмаштырылары айтылып жатат.

Орусиялыктар өз жумушу менен катар Суданда БУУнун тынчтык орнотуу миссиясынын алкагында келишим менен иштеп жүрүшкөн.

XS
SM
MD
LG