Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:27

"Республика" фракциясы өкмөттүн ишине канааттанбай жатат


Жогорку Кеңештин жыйындарынан
Жогорку Кеңештин жыйындарынан

Бул тууралуу бүгүн парламентте аталган фракциянын лидери Максат Сабиров айтып чыкты. «Республика» фракциясы бир айдын ичинде өз жыйындарында бир катар көйгөйлүү социалдык маселелерди көтөрүп, спорт, калкты таза суу менен камсыз кылуу, тышкы жана ички миграция маселелерин көтөрүп чыкты. Бирок бардык чечимдерде өкмөттүн ишине канааттандырарлык эмес деп баа берилген», - деди фракция башчысы. Ал ошондой эле ички жана тышкы миграция, «Таза суу» долбоору боюнча маселелерди Жогорку Кеңештин пленардык жыйындарында талкуулоону сунуштады.

Максат Сабировдун айтымында, өкмөт конституцияда көрсөтүлгөн милдеттерин так аткар албай, социалдык-экономикалык жана маданий тармактарда жүргүзүп жаткан саясаты чаржайыт болуп жатат.

"Республика" парламенттеги оппозициялык эки фракциянын бири.

XS
SM
MD
LG