Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:50

Тайванда жүргүнчү учак кыйрашынан ондон ашуун киши мерт болду


Тайван -- Кырсык болгон жердеги куткаруу иштери, 4-февраль, 2015.

Тайван -- Кырсык болгон жердеги куткаруу иштери, 4-февраль, 2015.

Тайванда ATR-72 жүргүнчү учагы кыйрашынан, акыркы маалыматтарга караганда, 12 адам каза таап, дагы бир канча киши жаракат алды. Дагы 30 чакты адамдын тагдыры белгисиз.

Ички каттамды аткарган TransAsia Airways компаниясынын учагынын ичинде экипаж мүчөлөрүнөн сырткары жалпысынан 58 жүргүнчү болгон.

ATR-72 учагы Тайбэе аба майданынан көтөрүлгөндөн көп өтпөй ылдыйлай баштаган да Цзилунг дарыясындагы көпүрөгө тийип, сууга кулап түшкөн. Кыйроонун себептери азырынча белгисиз. Кырсык болгон жерде куткаруу иштери уланууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG