Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:23

Опердин өлүмүнө байланыштуу кылмышкерди жашырган аял соттолду


Милиция кызматкерин өлтүргөн деп шектелген Александр Саяпинди үйүнө жашыргандыгы жана анын куралын катып койгону үчүн кошунасы, 1950-жылы туулган Наталья Мезина Кылмыш-жаза кодексинин 59-беренесине ылайык алты жылга эркинен ажыратылды. Биринчи Май райондук сотунун чечимине ылайык, ал жазасын жатак абагында өтөйт.

Кылмышка шектүү Александр Саяпин боюнча тергөө амалдары аяктап, иш сотко өттү.

Мурда курал сактаганы үчүн кесилип, түрмөдөн качып кеткен 42 жаштагы Александр Саяпинди 2014-жылдын 14-ноябрында кармоо учурунда ал куралдуу каршылык көрсөтүп, шаардык милициянын опер кызматкери 28 жаштагы Бакай Сыдыгалиевге ок ачкан. Сыдыгалиев ошол жерде жан берген. Александр Саяпин качып кетип, кошунасы Наталья Мезинанын үйүндөгү жертөлөдөн табылган. Мезина Саяпинди жашырганын жана анын куралын катып койгонун моюнуна алган.(AzK)

XS
SM
MD
LG