Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:17

Армения 7 адамдын өлүмүнө шектүү орус аскерин өткөрүүнү сурады


Армения бир үй-бүлөнүн жети мүчөсүн өлтүрүүгө шектелген аскер Валерий Пермяковду өткөрүп берүүнү Орусиядан расмий сурады. Бул тууралуу Армениянын баш прокурору Геворг Костаняндын орус кесиптеши Юрий Чайкага жиберген кайрылуусунда айтылган.

Ага чейин орусиялык “Интерфакс” агенттиги кылмышка шектелген аскердин үстүнөн сот Гюмридеги аскер базасында жүрүшү мүмкүндүгүн жазып чыккан.

Орусиянын Армениядагы согуштук базасында кызмат кылган Валерий Пермяков Гюмридеги бир үй-бүлөнүн жети мүчөсүн өлтүргөн деп шектелүүдө. Ал 13-январда армян-түрк чек арасында кармалып, кылмышты мойнуна алган. Кол салууга каршы Ереванда жана орус базасы жайгашкан Гюмри шаарында нааразылык акциялары өтүп, демонстранттар шектүү кылмышкерди Армениянын карамагына өткөрүп берүүнү талап кылышкан эле. Кылмышка шектүү учурда орус базасынын аймагында кармалып турат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG