Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:34

Эржигитов: Сарпашевдин сөздөрү бурмаланган


Министр Тайырбек Сарпашев.
Министр Тайырбек Сарпашев.

Өкмөттүн басма сөз катчысы Мелис Эржигитовдун “Азаттыкка” билдиришинче, биринчи вице-премьер-министрдин Ошто сүйлөгөн сөздөрү боюнча журналист туура эмес маалымат жазган.

Ал Сарпашев Оштогу коллегияда парламенттик шайлоону тынч өткөрүү, стабилдүүлүктү сактоодогу жергиликтүү бийликтин ролу туурасында сөз сүйлөгөнүн, Украинадагы кырдаалды сөз арасында мисал катары гана кошуп айтып кеткенин, Араван менен Кара-Суу райондорун Донецк жана Луганскка салыштырбаганын билдирди.

Жогорку Кеңештин депутаттары парламенттин бүгүнкү отурумунда биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевди Араван жана Кара-Суу райондорун Украинанын Луганск жана Донецк облустарына салыштырганы боюнча маалымат каражаттарынан кабардар болушканын айтып, бул сөзү үчүн түшүндүрмө берүүсүн талап кылышкан. Айрым депутаттар Сарпашевдин айтканы тастыкталса, ал отставкага кетиши керек болорун билдиришкен.

Үстүбүздөгү жылдын 2-февралында биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Ош облусунун коллегиясына катышкан. Анда 2015-жылы Ош кандай багытта өнүгүшү керектиги, алдыдагы парламенттик шайлоолор туурасында сөз болгон. (AzK)

XS
SM
MD
LG