Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:27

Жалал-Абадда телеканал кызматкери диний экстремизм боюнча соттолууда


Облустук телеканалдын кызматкери диний-экстремистик уюмдардын идеяларын жайылтууга шектелип, сот жообуна тартылууда. Бул тууралуу облустук прокуратурадан билдиришти. Маалыматка караганда, 2014-жылдын 18-октябрында аталган телеканалдын эфиринен «Ислам дүйнөсү» аталышындагы видеоролик көрсөтүлүп, аягында тыюу салынган “Хизб-ут Тахрир” диний экстремисстик партиясына үгүт-чакырык көрсөтүлгөн. Бул багытта УКМКнын облустук башкармалыгы тарабынан Кылмыш жана жаза кодексинин 299-беренеси менен кылмыш иши козголуп, ишти облустук ички иштер башкармалыгы тергеген. Азыр бул иш шаардык соттун кароосунда жатат.

Аталган телеканалдын директору Куттумидин Базаркулов бул багытта эфирдик видеотехник ката кетиргенин, ал ошондон кийин эле иштен алынганын билдирди. (RsK)

XS
SM
MD
LG