Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:02

Тажикстанда оппозициялык саясатчы камакка алынды


Тажикстанда оппозициялык саясатчы, өлкө парламентинин депутаттыгына талапкер Фирдавс Сохибназаров коррупцияга шектелип камакка алынды. Бул тууралуу Сохибназаровдун энеси “Азаттыктын” тажик кызматына билдирген. Анын айтымында, учурда уулу Коргон-Төбө шаарындагы убактылуу кармоо жайында кармалууда.

Өлкөдөгү оппозициялык Социал-демократиялык партиянын мүчөсү Фирдавс Сохибназаровго “Точпромбанктан” 42 миң долларды өзүнө ыйгарып алган деген айып тагылууда. Саясатчы өзүнө тагылган айыпты четке кагып, аны шайлоого катыштырбоо аракети катары баалап жатат. Ал депутаттыкка талапкер катары өткөн айда катталган.

XS
SM
MD
LG