Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:59

Орусия украин жарандарынан чет элдик паспорт талап кылбайт


Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Украина бийликтеринин өлкө аймагына орус жарандарын чет элдик паспорт менен киргизүү чечимине өкүнүчүн билдирди. Орусия “гуманитардык себептерден” улам украин жарандары үчүн мындай чараларды киргизбейт.

Украина 1-марттан тарта орус жарандарын өлкөгө чет элдик паспорт менен киргизүүнү талап кылган. Тиешелүү токтомго премьер-министр Арсений Яценюк кечээ кол койгон. Бул орус-украин чек арасында көзөмөлдү күчөтүүгө жана өлкөнүн коопсуздугун сактоого өбөлгө болот деп айтылууда.

XS
SM
MD
LG