Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:43

Азербайжанда медиага көзөмөлдү күчөткөн мыйзамга кол коюлду


Азербайжан президенти Илхам Алиев чет өлкөдөн каржыланган маалымат каражаттарын жабуунун жолдорун жеңилдеткен мыйзамга кол койду. Мыйзамга ылайык, сырттан каржыланган маалымат каражаты бир жылда эки жолу кимдир-бирөөгө жалган жалаа жапты деп табылса, сот чечими менен дароо ишмердиги токтотулат. Бул мыйзамды Азербайжан парламенти өткөн жылдын декабрында кабыл алган.

Мыйзам кабыл алынган соң он күндөн кийин “Азаттыктын” азери кызматына куралчан күч органдары басып кирип, кызматкерлерди бир нече саат кармап, компьютерлерди алып кетишкен. Бийликтер бул рейд радиону "чет элдик агент" катары текшерүү алкагында жасалганын билдиришкен.

Өлкөдөгү жана эл аралык укук коргоочулар бул мыйзам көз карандысыз маалымат каражаттарын ооздуктоого багытталган деп сындап чыгышты.

XS
SM
MD
LG