Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:22

Алматы: жер талашкандар нааразылыкка чыкты


Алматынын четиндеги Шугыла айылынын тургундары өздөрүнө таандык делген жер тилкеси үчүн күрөшүн улантууда.

Жердин жаңы кожоюну 150 гектарга жакын тилкени тикенек зым менен коруп алган. Жергиликтүү тургундар корулган аймакта үйлөрү, курулуш материалдары калганын, жаңы кожоюн аларды алып чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк бербей жатканын айтышууда.

Алар шейшембиде жер тилкелерине кирүүгө аракет кылды. Онго чукул аялдын мындай аракетинен майнап чыккан жок.

Жергиликтүү тургундар бул жер тилкелерин аларга 2002-жылы Каменск заводунун жетекчилиги бөлүп бергенин, бирок аны мыйзамдаштырууга жетишпей калганын айтып келишет. Бирок 2006-жылдан тарта бул жердин жаңы кожоюндары пайда болгон.

Расмий мекемелерден бул боюнча азырынча жооп боло элек.

XS
SM
MD
LG