Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:10

Орусияда окумуштуу чыккынчылыкка айыпталууда


Орусиянын Федералдык ядролук борборунун мурдагы илимий кызматкери Владимир Голубев "мамлекеттик сырды ачыкка чыгарган" деп айыпталууда. Бул тууралуу анын адвокаты Евгений Губин “Интерфакс” агенттигине билдирди. Анын айтымында, Голубевге иш козгоого 2003-жылы Чехияда жасаган илимий доклады себеп болгон.

Окумуштуу жардыргыч заттар боюнча адис болуп саналат. Чехияда жасаган илимий баяндамасы да ушул темага арналган.

Анын үйүн тергөөчүлөр тинтип, электрондук каражаттарын алып кетишти. Эгер күнөөлүү деп табылса, төрт жылга чейин кесилиши мүмкүн.

Владимир Голубев 2013-жылы илимий борбордон кызматтан кетирилген. Учурда пенсияда.

XS
SM
MD
LG