Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:17

Бишкекте Европарламенттин айрым сунуштарына каршы митинг өтөт


"Калыс" саясий кыймылы кумсаларга каршы өткөргөн акция. Февраль, 2014-жыл.
"Калыс" саясий кыймылы кумсаларга каршы өткөргөн акция. Февраль, 2014-жыл.

“Калыс” саясий кыймылынын активисттери Европарламенттин кумсалардын укугун коргоо боюнча берген сунушуна каршы митинг өткөрөт. Акция бүгүн, 5-февралда Жогорку Кеңештин имаратынын жанында болот. Аталган кыймылдан “Азаттыкка” кабарлашкандай, анда Кыргызстандын коопсуздугун сактоого сырткы күчтөрдүн кийлигишүүсүнө жол бербөө жана улуттук баалуулуктарды сактоо боюнча талаптар айтылат.

Кумсалыкты пропагандалоого каршы жана андай аракеттерди жазалоону көздөгөн депутаттар жакында атайын мыйзам долбоор сунуштап, биринчи окууда жактырылган. Бирок Европа парламенти муну сынга алып, мыйзамды кабыл албоого чакырып келет. (SE)

XS
SM
MD
LG