Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:20

Эл аралык шайлоо күнүнө карата Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 5-февралда жаштарга ачык эшик күнүн өткөрөт. Бишкектеги мектеп окуучуларына тренинг уюштурулуп, шайлоого катышуунун мааниси атайын оюндар аркылуу окутулат. Ошондой эле укуктук багытта билим алып жаткан студенттерге комиссиянын адистери лекция өтөт.

2005-жылдан бери 7-февраль – эл аралык шайлоо күнү катары белгиленет. Бул дата Венгрияда өткөн шайлоо уюштуруучулардын бүткүл дүйнөлүк конференциясында кабыл алынган.

Кыргызстанда кезектеги шайлоо быйыл күзүндө болот. Жарандар Жогорку Кеңешке партиялык системада депутаттарды шайлашат. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG