Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:51

Парламентте Сарпашевдин түшүндүрмө берүүсүн талап кылышты


Тайырбек Сарпашев
Тайырбек Сарпашев

Депутат Анвар Артыков биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Жогорку Кеңешке келип, эмне үчүн Кара-Суу менен Араван райондорун Украинанын Луганск менен Донецк шаарларына салыштырганын түшүндүрүп берүүсүн талап кылды.

"Сарпашев түштүктө кырдаал Лугансктагы абалга окшош экенин айтты. Бирок Луганск автономияны сураган. Ал эми Кара-Сууда бул өңдүү талаптар тууралуу укканым жок", - деди Артыков.

Бул маселе парламенттин кечээки жыйынында да козголуп, айрым депутаттар Сарпашевдин айтканы тастыкталса, ал отставкага кетиши керектигин билдиришкен. Анын алдында кээ бир маалымат каражаттары Сарпашев 2-февралда Ош облустук коллегиясында сүйлөп жатып, бул эки райондогу абалды Донецк менен Лугансктагы кырдаалга салыштырганын жазып чыгышкан.

Мындан соң өкмөттүн басма сөз кызматынын өкүлү Мелис Эржигитов биринчи вице-премьер-министрдин Ошто сүйлөгөн сөздөрү бурмаланганын, журналист туура эмес маалымат жазганын "Азаттыкка" билдирген. Ал Сарпашев Оштогу коллегияда парламенттик шайлоону тынч өткөрүү, стабилдүүлүктү сактоодогу жергиликтүү бийликтин ролу туурасында сөз сүйлөгөнүн, Украинадагы кырдаалды сөз арасында мисал катары гана кошуп айтып кеткенин, Араван менен Кара-Суу райондорун Донецк жана Луганскка салыштырбаганын белгилеген. (ZMa)

XS
SM
MD
LG