Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:17

"Калыс" кыймылы митинг өткөрүүдө


Митингден бир көрүнүш, Бишкек, 5-февраль, 2015.
Митингден бир көрүнүш, Бишкек, 5-февраль, 2015.

Ушул мүнөттөрдө Ак үйдүн алдында "Калыс" кыймылынын 20га жакын мүчөсү педофилияга, бейөкмөт уюмдарга жана кумсаларга каршы нааразылык акциясын өткөрүүдө.

Кабарчыбыздын маалымдашынча, алар колдоруна жазуулары бар плакаттарды жана Кыргызстандын желегин көтөрүп турушат.

Буга чейин да "Калыс" кыймылы бир нече жолу кумсаларга каршы митингге чыгышкан. Ал эми өткөн жылы 17-октябрда Бишкектеги клубдардын бирине "Калыс" кыймылы баштаган жаштар уюмдарынын жүздөн ашык мүчөсү “Казаки” тобунун концертин үзгүлтүккө учуратышкан. Алар бул музыкалык топ кумсаларды пропагандалап, улуттук баалуулуктарга каршы келерин айтышкан. (TSh/ZMa)

XS
SM
MD
LG