Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:11

Токтогулда электр баасына каршы кайрадан митингге чыгышты


Токтогулдагы митинг, 5-февраль, 2015.
Токтогулдагы митинг, 5-февраль, 2015.

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда миңге жакын кишинин катышуусунда митинг өтүп жатат. Аймактагы кабарчыбыздын маалымдашынча, нааразылык акциясынын катышуучулары электр энергиясына тарифтин жогорулоосуна каршы экенин жана нарындыктардын ушул багыттагы талабын колдой тургандыктарын билдиришти. Ошондой эле өкмөттөн райондогу атайын фондго жыл сайын берилүүчү 43 млн. сомдун дареги жоктугун айтышып, аны жетектегендердин жоопкерчилиги каралсын деген талап коюшууда.

Бүгүнкү митинг 26-январда өткөн акциянын уландысы. Ошол митингде анын катышуучулары менен район акими Токтосун Барманов жолугушуп, талаптарын өкмөткө жеткирерин айткандан кийин алар өкмөт мүчөлөрү келип түшүндүрүүсүн талап кылышып, 5-февралга чейин убакыт беришкен.

Электр энергиясынын кымбатташына каршы нааразылык акциялары буга чейин Нарын жана Талас шаарларында да өткөн. (RsK/ZMa)

XS
SM
MD
LG