Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:49

Кумсалыкты үгүттөөгө каршы мыйзам ушул айда каралат


"Калыс" кыймылынын митинги. Бишкек, 5-февраль, 2015.

"Калыс" кыймылынын митинги. Бишкек, 5-февраль, 2015.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Нуркамил Мадалиев митингге чыккан "Калыс" кыймылынын мүчөлөрү менен жолугушууда билдирди.

Бүгүн аталган кыймылдын 20га жакын мүчөсү педофилияга, бейөкмөт уюмдарга жана кумсаларга каршы нааразылык акциясын өткөрүшүп, аларга тыюу салууну талап кылышты.

Кумсалыкты пропагандалоого каршы жана андай аракеттерди жазалоону көздөгөн депутаттар ал максатта бир катар мыйзамдарга өзгөртүү жана кошумча киргизүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алган. Азыркы кезде долбоор экспертизадан өтүп жатат. (TSh/ZMa)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG