Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:01

Мадалиев: Европа парламенти кысым көрсөтүп жатат


Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Нуркамил Мадалиев "Калыс" кыймылы өткөргөн митингде айтты. Эл өкүлү Европа парламенти кумсаларды үгүттөөгө каршы мыйзам долбооруна каршы болуу менен, өлкөнүн ички саясатына кийлигишип жатканын айтты.

Кумсалыкты пропагандалоого каршы жана андай аракеттерди жазалоону көздөгөн депутаттар ал максатта бир катар мыйзамдарга өзгөртүү жана кошумча киргизүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алган. Азыркы кезде долбоор экспертизадан өтүп жатат.

Жакында эле Европа парламенти Кыргызстанда кабыл алынып жаткан кумсаларга байланыштуу мыйзамды сынга алып, аны чакыртып алууну сунуштаган. (TSh)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG