Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:12

Дүйнө мыктысы атыккан мушкердин кыялы


Азат Үсеналиев бүткүл дүйнөлүк бокс сериясынын (WSB) 5-сезонундагы беттештерге чыгуу үчүн “Украина атамандары” командасында Киев шаарында машыгып жүрөт.
Азат Үсеналиев бүткүл дүйнөлүк бокс сериясынын (WSB) 5-сезонундагы беттештерге чыгуу үчүн “Украина атамандары” командасында Киев шаарында машыгып жүрөт.

Эл аралык бокс бирикмеси (AIBA) кыргызстандык мушкер Азат Үсөналиевди "Январь айындагы мыкты боксчу" деп атады.

Уюмдун расмий сайтындагы маалыматка ылайык, Азия чемпиону Азат Үсөналиевге бул наам Бүткүл дүйнөлүк бокс сериясынын (WSB) 5-сезонундагы алгачкы беттешинде британиялык Эндрю Селбини уткандыгы үчүн ыйгарылды.

23-январда Киев шаарында болгон беттеште Азат Үсөналиев жарым профессионалдык “Украина атамандары” командасынын намысын коргоп чыккан. Дүйнө чемпиондугунун күмүш байгесинин ээси (2011), Европанын чемпиону (2011) Эндрю Селби “Британиянын арстан жүрөктөрү” командасынын курамында рингге чыккан эле.

52 килограмм салмак ченинде болгон күч сынашуу британиялык мушкердин жаракат алгандыгына байланыштуу 5-раундга жеткенде токтотулуп, мелдеш калыстары жеңишти Азатка ыйгарышкан.

Азат Үсөналиев: Былтыр WSB беттешинде Эндрю Селбиге утулуп калган элем. Аны кайрадан жеңип алыш үчүн бир жылга жакын убакыт даярдандым
Азат Үсөналиев: Былтыр WSB беттешинде Эндрю Селбиге утулуп калган элем. Аны кайрадан жеңип алыш үчүн бир жылга жакын убакыт даярдандым

- Бул беттешке аябай көп даярдандым. Анткени былтыр дагы Бүткүл дүйнөлүк бокс сериясынын беттештеринде дал ушул Эндрю Селбиге утулуп калган элем. Эндрю ал кезде “Италия чагылгандары” курамынын намысын коргоп жүргөн. Ошол беттеште кетирген кемчиликтерди жоюу үчүн көп аракет кылып, жеңишке жетүүгө болгон күч-аракетимди жумшадым. Ошол беттештен кийин AIBA тарабынан январь айынын мыкты боксчусу аталганыма абдан кубанычтамын. Бул наам мага шык берет. Алдыда дагы жакшы ийгиликтерди жаратканга аракет кылам.

Учурда Азат Бүткүл дүйнөлүк бокс сериясынын (WSB) 5-сезонундагы беттештерге чыгуу үчүн “Украина атамандары” командасынын курамында Киев шаарында машыгып жүрөт. 6-февралда атамандар "Марокконун атлас арстандары" командасына каршы таймашка чыгат. Бул беттеште Азаттын ордуна украин мушкери Максим Фатич күч сынашмакчы.

- Марокко командасы менен болгон таймашка чыкпайм. Анткени команда ушундай чечим кабыл алды. Жакында Орусия курамасы менен биздин мушкерлер беттешет. Ошол таймашка мени да даярдашууда. Менин бокстогу жетишкендиктериме бул жактагы агайларым жакшы баасын берип, эгер кемчиликтер болсо, аны кантип жоюш керектигин айтышат. Чеберчиликти жогорулатуу үчүн дайыма кеңешип, аракет кылабыз. Алардын баа жеткис кеңештерин иш жүзүндө пайдалана алсам, алдыда дагы бир катар ийгиликтерге жетем деген ишенич бар.

Азат Усеналиев "Украина Атамандары" командасындагы мушкерлер менен. Январь, 2015-ж. Киев.
Азат Усеналиев "Украина Атамандары" командасындагы мушкерлер менен. Январь, 2015-ж. Киев.

Былтыр дагы бул команданын курамында Бүткүл дүйнөлүк бокс сериясынын (WSB) алкагында төрт беттешке чыгып, үчөөндө жеңишке жетип, бир жолу Эндрю Селбиге утулган эле.

Азат учурда 23 жашта. Ал 1991-жылы 11-сентябрда Токмок шаарында төрөлгөн. Бокс менен 11 жашынан баштап машыга баштаган.

- Эки байкем бокс менен машыкчу. Алар бул спорт менен машыгууну токтоткон кезде мен 11 жашта болчумун. Өзү менен кошо спорт мектепке алып барып, ошондон тарта машыгып калгам.

Жаш талант 16 жашында, 2007-жылы өспүрүмдөр арасында Кыргызстандын чемпионатын уткандан кийин алгачкы жолу Бакуда өткөн дүйнө биринчилигине катышкан. 2009-жылы Кытайда өткөн Азия чемпиондугунда өзбекстандык күчтүү мушкер Рафикжон Султановду уткандан тарта жаш мушкердин аты чыга баштаган. Ал ошондой эле эрте башталган спорттук карьерасында 2009- жана 2011-жылдардагы дүйнө чемпиондугуна жана Гуанчжоуда болгон Азия оюндарына катышып, мыкты тажрыйба топтой алгандыгын Эл аралык бокс ассоциациясынын расмий сайты баса белгилейт.

Андан кийин Лондондо боло турган олимпиада оюндары үчүн лицензиялык турнирде мелдештин фаворити казакстандык Ильяс Сулейменов менен болгон беттеште артыкчылыктуу күч сынашканына бокс адистери жогорку баасын беришкен. Бул таймашта Ильяс Сулейменов жеңишке жетишкен. Бирок Үсөналиев жогорку деңгээлдеги мушкер менен да теңтайлаша алаарын далилдеп, бул таймаш ага Рио-де-Жанейродо боло турган олимпиада оюндарына даярданууга шык берген.

Азат Үсөналиев 2013-жылы Азия чемпиондугунда байге алууга башкы талапкер болгон. Анда Азия чемпиондугунун күмүш байгесинин ээси казакстандык Иьяс Сулейменов менен Азия оюндарынын алтын медалынын ээси филиппиндик Рей Салюдар алгачкы беттештеринде эле жеңилип калышкан эле. Жеңил салмакта күч сынашкан кыргыз мушкери финалда өзбекстандык Шахобидин Заировду утуп, Азия чемпиондугунан Кыргызстандын эсебине алгачкы алтын медалды алып келген.

2014-жылы Ташкент шаарында Сидней Жексондун элесине арналган эл аралык мелдештин жыйынтыгында Азиялык бокс конфедерациясы (ASBC) тарабынан "Май айынын мыкты боксчусу" деп да аталган эле. 2014-жылдын күз айларында Инчхондо болгон Азия оюндарында Азат алтын байге алуу үчүн башкы талапкерлерден болгон. Тилекке каршы, алгачкы беттешин ийгиликтүү баштаганы менен чейрек финалда пакистандык Мухаммад Васим менен беттешүүдө жаракат алып, калыстардын калпыс чечими менен мелдештен четтетилген. Учурда бокс боюнча ышкыбоздор арасында күч сынашууларда ийгиликтерди жаратып, профессионалдар арасында да рингге чыгууну кыялданат. Ага чейин 2016-жылы Бразилияда өтө турган жайкы олимпиада оюндарына жолдомо алуу эң башкы максаттардын бири экенин баса белгилейт.

Азат Усеналиев "Украина Атамандары" курамында "Британиянын арстан жүрөктөрү" командасынын өкүлү Эндрю Селби менен беттешке чыгаар алдында. 23-январь, 2015-ж. Киев.
Азат Усеналиев "Украина Атамандары" курамында "Британиянын арстан жүрөктөрү" командасынын өкүлү Эндрю Селби менен беттешке чыгаар алдында. 23-январь, 2015-ж. Киев.

- Буюрса ышкыбоздор арасындагы боксто ийгиликтүү күч сынашып, мүмкүнчүлүк болсо профессионалдар арасында да рингге чыккым келет. Алдыда көп маанилүү мелдештер бар. Буюрса ал таймаштардан жакшы натыйжа көрсөтүп, олимпиада лицензиясына ээ болгум келет.

Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу Адылхан Бекболотовдун билдиргенине караганда, быйыл Бүткүл дүйнөлүк бокс сериясынын алкагындагы төрт же беш таймашта Азат Үсөналиев жеңишке жетсе, олимпиада жолдомосуна ээ болушу толук мүмкүн. Учурда атамандардын катарында Азат менен кошо дагы кыргызстандык Өмүрбек Малабеков мелдештерге чыгууга даярданып жүргөнүн айта кетели. Өмүрбек 56 кг. салмакта февраль айынын аяк жагында күч сынашууга чыгып калышы мүмкүн экендиги болжолдонууда.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG