Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:42

Башкыртстанда каза тапкан кыргыз жарандарынын сөөгүн жиберүү маселеси чечилүүдө


Бул тууралуу "Азаттыкка" Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин экинчи катчысы Айымкан Кулукеева билдирди. Элчиликтин тапшырмасы боюнча Оренбург шаарындагы ардактуу консул Таалайбек Жандаров жана Самара шаарындагы кыргыз диаспорасынын лидери Акылбек Кудуев Башкыртстанга жөнөп кетти. Алар жол кырсыгында каза болгон беш кыргызстандыктын сөөгүн мекенине жеткирүү аракетин көрүшүүдө.

Кулукееванын кабарлашынча, жол кырсыгынан кийин ооруканага түшкөн эки адамдын биринин абалы оор.

Кечээ түнкү бирлер чамасында Башкыртстандын Октябрь шаарына жакын жерде "Вольво" үлгүсүндөгү унаа менен "Газель" кагышып кетип, кырсыкта беш кыргызстандык каза болуп, дагы экөө ооруканага жеткирилген. (ZMa)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG