Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:01

Токтогулдагы митинг 12-февралда уланмай болду


Токтогулдагы митинг, 5-февраль, 2015.

Токтогулдагы митинг, 5-февраль, 2015.

Токтогулда электр энергиясына тарифтин жогорулоосуна каршы митинг аяктап, катышуучулар өкмөткө 12-февралга чейин убакыт берип тарашты.

"Азаттыктын" кабарчысы маалымдагандай, митингдин катышуучулары менен Отун-энергетикалык комплекстин төрагасы Нурбек Элебаев сүйлөшүп, бир аптанын ичинде өкмөткө элеттиктердин талаптарын жеткирүүнү убада кылышты.

Бүгүн өткөн митингдин катышуучулары электр энергиясына тарифтин жогорулоосуна нааразылыгын билдирип, өкмөттөн райондогу атайын фондго жыл сайын берилүүчү 43 млн. сомдун дареги жоктугун айтышып, аны жетектегендердин жоопкерчилиги каралсын деген талап коюшкан. (RsK/ZMa)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG