Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:34

Балдарга карата зомбулукту талкуулоо үчүн өкмөттүк күн өткөрүү демилгеси козголду


Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиевдин "Азаттыкка" маалымдашынча, акыркы мезгилде балдарга карата зордук-зомбулуктун көбөйүшү, балдар арасындагы кылмыштуулуктун өсүшү, ата-энелердин жоопкерчиликсиз мамилеси бул демилгени көтөрүп чыгууга себеп болгон.

"Азыртадан тиешелүү алдын алуу чаралары көрүлбөсө, балдарга карата жасалган зордук-зомбулук токтобойт. Өкмөттүк күндүн алкагында депутаттар өкмөт мүчөлөрүн чакырып, суроо-жооп форматында баарлашып, тийиштүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизип, зарыл болсо каражат бөлүү маселелери каралмакчы", - деди Иманалиев.

Ички иштер министрлигинин өспүрүмдөр менен иш алып баруу бөлүмүнүн адиси Рыспек Мусуралиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, 2013-жылы балдар арасында 810 кылмыш катталса, 2014-жылы бул көрсөткүч 876га жеткен. Анын ичинен окуучулар арасындагы рэкетчилик, тоноочулук боюнча 200 факты катталган. (ZMa)

XS
SM
MD
LG