Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:30

Султанов Улуттук банктын саясатын сынга алды


"Марат Султанов "Азаттыкта", 29-июнь, 2011.

"Марат Султанов "Азаттыкта", 29-июнь, 2011.

Улуттук банктын сомдун туруктуулугун кармаш үчүн накталай сомдун көлөмүн азайтканга жасаган аракети жалпы экономика терс таасирин тийгизүүдө. Бул тууралуу "Азаттыкка" курган маегинде Улуттук банктын мурдагы төрагасы, депутат Марат Султанов билдирди.

"Биз сомдун туруктуулугун кармайбыз, инфляцияны ошонун эсебинен төмөндөтөбүз деп, экономикага сокку уруп алышыбыз мүмкүн. Эгерде экономика өспөй калса, анда сомду кармаганга эч кандай мүмкүнчүлүк болбой калат", -деген Султанов Улуттук банк узак мөөнөттүү саясат жүргүзүш керектигин кошумчалады.

Марат Султанов жалаң гана интервенция жасаган саясат резервдик фондду түгөткөндөн башка эч пайда алып келбей турганын айтты.

Акыркы айларда сомдун куну кескин түшүп кетип, Улуттук банк 11 миллион 900 миң доллар өлчөмүндө валюталык интервенция жасады. Январь айында банк төрт жолу интервенция жасап, анын көлөмү 60 миллион 470 миң долларды түзгөн. (ZMa/AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG