Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:44

БАЭ ИМ тобуна каршы аба соккуларына катышпай калды


Бул маалыматты америкалык расмий өкүлдөр ырасташты. Алардын айтымында, Бириккен Араб Эмираттарынын учактары “Ислам мамлекети” тобунун Сириядагы турумдарына сокку урууга иордан учкучу туткунга түшкөндөн кийин эле катышпай калган.

Расмий Абу Дабинин чечимин эң биринчи болуп ачыктаган “Нью-Йорк Таймс” гезитинин жазганына караганда, алар “Ислам мамлекети” тобунун турумдарына сокку урууга катышуудан өз учкучтарынын коопсуздугун эске алуу менен былтыр декабрда эле баш тарткан.

Учагы былтыр декабрда Сириянын аймагында кыйраганда каза тапкан иордан учкучу Муас ал-Касасбаны “Ислам мамлекети” тобу тирүүлөй өрттөп жиберди.

Муну күбөлөндүргөн видеону алар 3-февралда таратышты.

Мындан кийин кечээ иордан падышасы Абдалла “Ислам мамлекети” тобуна каршы “айоосуз согушту” убада кылды. (UE)

XS
SM
MD
LG