Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:51

Жогорку Кеңештин сайтына бүгүн өкмөттүн жаңы түзүмүнүн долбоору жарыяланды. Анда өкмөт төрт вице-премьерден, 9 министрликтен жана бир комитеттен түзүлөрү каралган. Алар: финансы, өнүгүү жана соода, инфраструктуралар, билим берүү, коргоо, тышкы иштер, ички иштер, юстиция, саламаттыкты сактоо жана социалдык кызматтар министрликтери, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети. Ошондой эле агенттик, мамлекеттик кызматтарды да кыскартып, бир канча мамлекеттик корпорацияларды түзүү болжолдонууда.

Азыркы өкмөт 15 министрликтен, бир мамлекеттик комитеттен, 7 мамлекеттик агенттиктен турат. Ошондой эле өкмөт алдында дагы 10 мамлекеттик кызмат бар.

Өкмөттүн жаңы түзүмү боюнча бул долбоор качан каралары азырынча белгисиз.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG