Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:49

Дамаскта атылган ракетадан үч адам өлүп, 35 киши жаракат алды


Президент Башар Асадга лоялдуу күчтөр Дамасктын жанындагы Дама деген жерге аба соккуларын жасагандан кийин. 2-февраль, 2015-жыл.
Президент Башар Асадга лоялдуу күчтөр Дамасктын жанындагы Дама деген жерге аба соккуларын жасагандан кийин. 2-февраль, 2015-жыл.

Бүгүнкү ракета атуулар өкмөткө каршы козголоңчулардын акыркы эки аптага жетпеген убакыт ичиндеги экинчи ири соккусу болду окшойт. Сириялык активисттердин эсебинде, Дамасктын өкмөт көзөмөлүндөгү борбордук райондоруна кеминде 38 ракета түштү. Сирия борборунун чыгыш райондорундагы козголоңчул топтордун биринин лидери ракета атууларды өкмөттүк күчтөрдүн аба соккуларына жооп деп атады.

“Ислам армиясы” деген топтун колбашчысы Захран Алуш өткөн аптадагы билдирүүсүндө Дамаскты “аскерий зона” деп жарыялаган.

Активисттердин айтымында, буга чейин 25-январда ушул эле топ Сирия борборуна 30дан ашуун ракета атып, бир нече кишини мерт кылган эле.

Сирияда 2011-жылы жарандык согуш башталгандан бери 200 миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылды. ( UE)

XS
SM
MD
LG