Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:03

Меркел менен Олланд Киев жана Москвага тынчтык демилгеси менен келет


Бул тууралуу бүгүн Париждеги басма сөз жыйында француз президенти Франсуа Олланд билдирди.

Орусияга каршы санкциялар урушту токтотпогонун эске салган Олланд Меркел экөө бүгүн-эртең президенттер Петро Порошенко жана Владимир Путин менен жолугууда “жаңы сунуштарды” беришерин маалымдады. Олланд белгилегендей, ал сунуштар “Украинанын аймактык бүтүндүгүнө” негизделген.

Учурда иш сапары менен Киевде АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри жүрөт. Анын украин президенти менен сүйлөшүүлөрү Вашингтон Украинага курал бербөө боюнча саясатын кайра карашы мүмкүн деген маалыматтар айтылып жаткан учурда өтүүдө.

Кечээ козголоңчулар колундагы Донецк шаарында, оорукана имаратына снаряд тийгенде кеминде төрт киши каза тапты.Жалпысынан Украинанын чыгышында былтыр апрелден берки уруштарда 5350дөн ашуун адамдын өмүрү кыйылды. Уруш күчөгөн акыркы апталарда жүздөгөн киши мерт болду. (UE)

XS
SM
MD
LG