Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:03

Бүгүн Жогорку Соттун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясы Урмат Аманбаеванын көзөмөл арызын карап, Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 2015-жылдын 31-январындагы чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жогорку Соттун басма сөз катчысы Айнура Токтошева билдирди.

Борбордук шайлоо комиссиясы 2015-жылдын 14-январында Урмат Аманбаеванын депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон. Буга макул болбогон Аманбаева сотко кайрылып, БШК токтомун жокко чыгарууну өтүнгөн.

Өткөн жылдын 26-декабрында Аманбаевага козголгон иш тергелип бүтүп, сотко өткөндүгүнө байланыштуу Башкы прокуратура аны депутаттык мандаттан ажыратууну БШКдан өтүнгөн. Урмат Аманбаева Оштогу кургак учукка каршы күрөшүү борборунда эсепчи болуп турганда оорукана жетекчилиги менен коррупциялык схемаларды түзүп, өлкө казынасына ири өлчөмдө зыян келтирген деп айыпталууда. Аманбаева өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келет. (ZMa)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG