Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:29

Ошто билим берүү тармагын каржылоо 96 млн. сомго көбөйтүлөт


Ош шаарындагы мектептердин бири.
Ош шаарындагы мектептердин бири.

Ош шаардык бийлиги калаанын билим берүү тармагына 2015-жылы 312 миллион 121 миң сом бөлгөнү жатат. Бул тууралуу Шаардык кеңештин каржы комитетинин төрагасы Бекмурза Эргешов 5-февраль күнү бюджеттик угуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, бул сумма 2014-жылга салыштырмалуу 96 миллион сомго көп. Анын 28 миллиондон ашууну кенже класстагы окуучулардын тамак-ашына, 11 миллион сомго жакыны мектеп мугалимдеринин коммуналдык төлөмдөрүн жеңилдетүүгө кетет.

Ош шаарында 52 мектеп жана интернат, 8 музыкалык жана спорттук мектеп, 34 бала бакча бар. Мектептерде үч миңден ашуун мугалим эмгектенет. (YI)

XS
SM
MD
LG