Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:52

Жоомарт Кадыралиевдин сөөгү ишембиде жерге берилет


Жоомарт Кадыралиев.
Жоомарт Кадыралиев.

Кыргыз эл сүрөтчүсү, үчүнчү даражадагы “Манас” орденинин, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Жоомарт Кадыралиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 7-февралда өзү туулган айылда болот. Сүрөтчү оорудан улам 5-февраль күнү каза тапкан.

Маркумдун эң ири эмгектеринин бири катары 1995-жылы Таласта курулган “Манас” этногрофиялык комплексинин эскизи саналат. Ал сүрөтчүлүк өнөрүн негизинен Манас темасын тереңдетүүгө арнаган. Ошондой эле обон жазуу менен да алектенген.

Кадыралиев 1946-жылы 18-июлда Чүйдүн Жайыл районундагы Сары-Булак айылында туулган. (SE)

XS
SM
MD
LG