Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:55

Коалициялык көпчүлүк кылмыштуулук менен күрөшүүнү талкуулайт


Жогорку Кеңештеги “Мамлекеттүүлүктү бекемдөө үчүн” коалициясы бүгүн, 6-февралда күч кызматтарынын кылмыштуулукка каршы жүргүзүп жаткан ишин талкуулайт. Күн тартибинде криминал чөйрөнүн таасири, кылмыштардын бетин ачуудагы тоскоолдуктар жана башка маселелер каралмакчы. Жыйынга прокуратура, милиция жана башка күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, өкмөт өкүлдөрү, президенттик аппаратта иштегендер чакырылган.

Кыргызстанда соңку кездери кримдүйнөнүн таасири күчөп, ал эмес саясатчылар арасында “каралардын” өкүлдөрү бар экени сынга алынып келет. (SE)

XS
SM
MD
LG