Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:15

Жалал-Абадда күйдүргүгө шектелген жети адам ооруканага түштү


Кечээ Жалал-Абад облустук ооруканасына күйдүргү илдетин жуктуруп алды деген шек менен жети киши жаткырылды. Алардын баары Көк-Таш айылынын тургундары. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган айылдын жашоочусу ылаңдуу уйду союп, 36 түтүнгө тараткан. Учурда таратылган эттер алынып, текшерүүдөн өтүп жатат. Күйдүргү мал жандыктардан тараган жугуштуу оору. (UEz)

XS
SM
MD
LG