Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:23

Жумагулов КТРК башчылыгынан кетүү боюнча арыз жазды


Султан Жумагулов.
Султан Жумагулов.

Бул тууралуу КТРКнын Байкоочу кеңешинин башчысы Илим Карыпбеков билдирди. Анын айтымында, Жумагулов кызматтан кетүү тууралуу арызын өз каалоосу менен жазган.

Учурда КТРКнын Байкоочу кеңеши Жумагуловдун арызын карап жатат.

Султан Жумагулов КТРКнын башчылыгына былтыр 23-ноябрда шайланган. Ал ага чейин ЭлТР коомдук телерадиокомпаниясын башкарган. Ал 2010-2013-жылдары "Азаттык" үналгысынын Бишкек бюросун жетектеген, андан бир нече жыл мурда Би-Би-Синин кыргыз кызматынын кабарчысы болгон жана башка басылмаларда эмгектенген.

XS
SM
MD
LG