Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:11

Өкмөттүн жаңы түзүмүн парламенттин атайын жумушчу тобу карайт


Бул тууралуу КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, аталган жумушчу топ өкмөттүн жаңы түзүмү боюнча долбоорду карап чыккандан кийин гана коалициялык көпчүлүк карайт.

Өкмөттүн жаңы түзүмүнүн долбоорун “Ар-намыс” фракциясынын лидери Феликс Кулов сунуштап жатат. Анда өкмөт төрт вице-премьерден, 9 министрликтен жана бир комитеттен түзүлөрү каралган. Алар: финансы, өнүгүү жана соода, инфраструктуралар, билим берүү, коргоо, тышкы иштер, ички иштер, юстиция, саламаттыкты сактоо жана социалдык кызматтар министрликтери, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети. Ошондой эле агенттик, мамлекеттик кызматтарды да кыскартып, бир канча мамлекеттик корпорацияларды түзүү болжолдонууда.

Азыркы өкмөт 15 министрликтен, бир мамлекеттик комитеттен, 7 мамлекеттик агенттиктен турат. Ошондой эле өкмөт алдында дагы 10 мамлекеттик кызмат бар. .(UEz)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG