Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:17

Ооган жоокерлери Пакистанда машыгуудан өтөт


Ооган армиясынын 6 курсанты машыгуу үчүн Пакистанга барышты. Алар бир жарым жыл Абботтабад шаарындагы Аскердик академияда окушмакчы. Мындай сунуш Пакистан армиясынын кол башчысы генерал Рахил Шариф жыл соңунда Кабулга барганда киргизилген.

Ооганстандын Исламабаддагы элчиси Жанан Мосазайдын айтымында, бул - эки өлкөнүн “коопсуздук жана аскерий тармактардагы кызматташтыгын чыңдоо багытындагы маанилүү кадам болмокчу”.

Маалыматтарга караганда, кошуна өлкөдө машыгуудан өтүү үчүн мындан ары да аскерлер жөнөтүлүп турмакчы.

Эки өлкө радикал согушкерлерге каршы жетиштүү чара көрбөй жатат деп бири-бирин күнөөлөп келишет. Бирок Ооганстанда бийликке жаңы өкмөт келгенден бери алакалар жакшыра баштады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG