Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:15

Бишкекте милиция издеген бомба жалган болуп чыкты


Шаардык милициянын маалымат катчысы Олжобай Казабаевдин “Азаттыкка” билдиришинче көп кабаттуу үйдүн алдына бомба коюлду деген маалымат жалган экени аныкталды. Саперлор бомба коюлду деген автоунаадан баштыкка оролуп, магнитке жабыштырылган уюлдук телефон табышкан. Учурда шаардык милиция жалган маалымат менен элди дүрбөткөн бейбашты издеп жатат.

Мындан мурда Бишкектин Токтогул жана Сүйүмбаев (мурдагы Карпинский) көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйдүн алдына белгисиз адамдар бомба коюп кетишкени тууралуу милицияга маалымат түшкөн. Аталган даректеги көп кабаттуу үй курчоого алынып, тургундар сыртка чыгарылган. (UEz)

XS
SM
MD
LG