7-февралда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаайт, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Айрым жерлерде зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3...+2, күндүз 0...5
Таласта түнкүсүн -2....-7, күндүз 0...5
Ош, Баткен, Жалал-Абадда түнкүсүн -3....+2, күндүз 0...5
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз 0...5
Нарын облусунда түнкүсүн -20...-25, күндүз -9...-14
7-февралда Бишкекте кар жаайт. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Жолдор тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 0…2° жылуу, күндүзгү жогорку температурасы 2…4° жылуу болот. Абанын температурасы түнкүсүн 0...2 градус, күндүз 2...4 градус болот.