Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:59

КТРК директорлугуна ачык сынак жарыяланат


Бул тууралуу КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсү Фархат Бекманбетов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында 10-февралдан тарта аталган каналдын башкы директорлугуна ачык сынак жарыяланат. Талапкерлердин арызы бир ай ичинде кабыл алынат.

Бүгүн Коомдук каналдын директору Султан Жумагулов жана анын орун басары Кубат Болотканов өз арыздарынын негизинде ээлеген кызматтарынан кетишти. Директордун милдетин убактылуу аткаруучу болуп Илим Карыпбеков шайланды. Ал буга чейин Байкоочу кеңештин төрагасы болуп келген. Учурда Байкоочу кеңештин төрайымынын милдетин убактылуу Тамара Жаманбаева аткарып жатат. (UEz)

XS
SM
MD
LG