Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:14

Парламент аэропорттогу карактоону мафиядан көрдү


Ош аэропорту.
Ош аэропорту.

Жогорку Кеңеште Ош аба майданындагы соңку карактоого аталган аэропорттун жетекчилиги, күч түзүмдөрдүн өкүлдөрү, айрым саясатчылардын тиешеси бар болушу мүмкүндүгү айтылды.

Парламенттеги коалициялык көпчүлүк 6-февралда кылмыштуулук жана ага каршы күрөш маселелери боюнча күч түзүмдөрүнүн жетекчилерин чогултуп жыйын курду.

Жыйында Ош аба майданындагы карактоо боюнча өзгөчө сөз болду. “Ата Мекен” фракциясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев карактоого аба майдандын жетекчилиги баштаган бир топ таасирдүү адамдардын тиешеси болушу ыктымалдыгын кыйытты:

- Мага Оштон келген шайлоочулар “Ош өзүнчө эле Сицилияга айланып калды, каякка арызданып барарыңды да билбейсиң, баш көтөргөндөн коркосуң” деп айтып жатат. Былтыр аэропорттон 4 миллион долларды чак түштө эле келип, автомат менен коркутуп, тоноп кетти. Ал иш деле жым-жым боюнча эле калды. Мына, жакында 13 миллион доллар уурдалды. Туугандар, мындай кылмышты жөн гана спорт клубдун балдары жасабайт. Милицияда, прокуратурада, өкмөттө, парламентте аларды колдогон адамдар бар. Териштирүү керек. Уюшма кылмыштуулук жаңы тепкичке, жаңы сапатка көтөрүлдү. Бийлик органдары менен аралашкан мындай кылмыш топторду мафия деп койот. Аэропорттун жетекчилигинин тиешеси бар-жогу такталышы керек.

Ош аэропорту
Ош аэропорту

Жыйында Социал-демократтар фракциясынан депутат Ыргал Кадыралиева күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнө Ош аба майданынын жетекчи орун басарларынын бири мурда соттолгон деген маалыматты тактоону тапшырды:

- Ош аба майданында чоң кылмыш иши катталды. Бул КМШ боюнча мындан да чоң кылмыштардын ачылышына себеп болот деп ойлойм. Менде аэропорттун өздүк коопсуздук маселелери боюнча жетекчи орун басары буга чейин карактоо боюнча соттолгон, кийин фамилиясын өзгөртүп алган деген маалымат бар. Ушуну тактап койсоңор.

Ички иштер министри Мелис Турганбаев Ош аба майданындагы карактоого аэропорт өкүлдөрү баш болгон таасирдүү адамдар аралашкан деген жоромолду четке какты.

- Бул ишти мен өзүм көзөмөлгө алдым. Мен бул иштин кыйшаңдашына жол бербейм. Дыкат текшердик. Кылмышты кадимки эле кылмыш тобу жасаган. Мурда соттолуп келгендер бар, көбү Казакстандын жарандары. Коопсуздук боюнча аэропорттун өзүнүн жол-жоболору бар. Ал жерде милиция кызматкерлери кайсы жерлерге кире алат, кайсы жерлерге чейин бара алат деген эрежелер бар. Бирок “сараң эки төлөйт” деген сөз бар эмеспи. Ошондой суммадагы акчаны жөнөтүүнүн өзүнүн тартиби бар да. Акча ушинтип накталай ташылчу экен. Анан ушундай окуялар болуп жатат. Биз бул жагын да карап жатабыз.

Изделгендердин биринин фотороботу
Изделгендердин биринин фотороботу

Милиция карактоо боюнча төрт адам кармалганын маалымдаган. “Азаттыктын” күч түзүмдөрүндөгү ишенимдүү булактары кармалгандар арасында Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин “Республика” фракциясынын депутаты, спорттун эрежесиз эр уруш түрү менен машыккан Замир Сыргабаевдин бир тууган иниси бар экенин маалымдаган. Сыргабаев да бул фактыны тастыктаган:

- Бир тууганым болгону менен түтүнү, үйү бөлөк. Эми ушундай ишке барыптыр. Сот чечсе, мыйзам боюнча жооп берет да. Кармалып отурат экен. Азырынча киргизбей жатат. Көрүшө элекпиз. Мындай иштерге аралашчу деле эмес.

Былтыр ошол кездеги ички иштер министри Абдылда Суранчиев уюшма кылмыштуу топтордун мүчөсү, же жакындыгы бар делген депутаттардын атын атаган. Ал тизмеде Замир Сыргабаев да бар болчу. Депутат болсо муну четке каккан.

Өткөн жылдын этегинде чак түштө Ош аба майданында ири суммадагы акча каракталган. Беттерин чүмкөп алган, “спецназ” деген жазуусу бар кара кийим кийген куралчан беш адам Ош-Үрүмчү каттамына түшмөкчү болуп, VIP залда отурган адамдардын акчасын тоноп кеткен. Акчанын суммасы беш миллион доллардан ашык экени айтылган болчу. Кийинчерээк 13 миллион доллар каракталган деген маалымат чыккан.

XS
SM
MD
LG