Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:52

Өкмөттү кайра түзүү сунушу шайлоого даярдыкпы?


Жаңы сунушка ылайык, мамлекеттик кызмат орундардын 30% кыскарат.
Жаңы сунушка ылайык, мамлекеттик кызмат орундардын 30% кыскарат.

Парламенттеги коалициялык кеңеш министрликтердин санын 15тен 9га кыскарып, бир канча мамлекеттик корпорацияларды түзүүнү сунуштоодо.

Бул кыскартуулардан мамлекеттик бюджеттин 17 пайызы, башкача айтканда, 20 млрд. сомго жакын акча үнөмдөлөт деп болжолдонууда. Бирок мындай кыскартуу айрым министрликтерди ынандырган жок. Кээ бирлери муну азыркы өкмөттү кетирүү аракети катары да баалашууда.

Жаңы сунушталып жаткан өкмөт түзүмүнүн долбооруна ылайык, 9 министрлик жана бир комитет болот. Алар: Финансы, Өнүгүү жана соода, Инфраструктуралар, Билим берүү, Коргоо, Тышкы иштер, Ички иштер, Юстиция, Саламаттыкты сактоо жана Социалдык кызматтар министрликтери, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети.

Парламент түзүмдү эмес, өкмөттүн антикризистик планын алып чыгышы керек.
Акылбек Жапаров

Азыр иштеп жаткан министрликтерден Өзгөчө кырдаалдар, Энергетика жана өнөр жай, Айыл чарба жана мелиорация, Экономиканы өнүктүрүү, Маданият жана туризм, Жаштар, миграция жана жумуш менен камсыз кылуу, Социалдык өнүктүрүү, Транспорт жана байланыш министрликтери жоюлуп, департамент катары тиешелүү ведомстволорго караштуу болот.

Мисалы, Өзгөчө кырдаалдар, Миграция ИИМге караштуу, Социалдык өнүктүрүү, Жаштар Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу, Экономика, Айыл чарба, Маданият жана Туризм Өнүгүү жана соода министрлигине караштуу департамент катары иштейт деп белгиленген.

Мындан мамлекеттик бюджеттен жылына 20 млрд. сомго жакын каражат үнөмдөлөт. Кызмат орундардын 30% кыскарат. Андан сырткары өзүн өзү каржылаган бир катар мамлекеттик корпорациялар түзүлөт.

"Жаш келсе ишке..."

Демилгечилердин бири, Коалициялык көпчүлүктүн жетекчиси, “Ар-намыс” фракциясынын лидери Феликс Куловдун белгилешинче, жаңы сунушталган долбоор жаштардын бийликке келишин шарттайт.

Феликс Кулов.
Феликс Кулов.

- Биз министрликтердин санын кыскартып, өзүн өзү каржылаган, мамлекеттик бюджеттен дээрлик каражат албаган мамлекеттик корпорацияларды түзөбүз. Ошол эле учурда мамлекеттик саясатты иштеп чыгышат, ошол эле кезде акча табышат. Бүгүнкү күндө тобокелге барууга болбойт. Ар кайсы түзүмдөрдө иштеген адам катары мага ишенип койгула. Бул маселелерди анча-мынча түшүнөбүз. Мамлекеттик дирекция түзүү идеясы жаштарга таандык.

Азыр биздин партиянын жаштар канаты корпорациялар боюнча мыйзамды иштеп жатат. Эгер ал түзүлсө, дүйнөнүн булуң-бурчунда иштеп аткан жаштардын көбү кайтып келгенге даяр. Анткени алар мамлекетке иштөө менен акча табышат, өздөрүнүн бонустарын алышат. Өкмөттөн бизди колдой турганын билдирген кат алдык. Бирок айрым мыйзам актыларын кабыл алуу керек. Ал эми премьер-министр кааласа, жаңы түзүмгө ылайыкташтырып кайра түзөт, сөзсүз эле кетиш керек эмес.

Өкмөттүн жаңы түзүмү боюнча долбоор парламенттин жалпы жыйынына качан чыгарылары азырынча белгисиз. Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековдун айтымында, бул долбоор бир топ убакыттан бери эле талкууланып, каралып келаткан. Эми муну ар бир фракциянын өкүлдөрү кирген жумушчу топ карап чыкмай болду.

- Акыркы жолу ушул идеяны коалициялык кеңешке алып чыгып, жумушчу топ түзүүнү макулдаштык. Алар даярдалган түзүмдү карап чыгып, сунуштарын берет. Коалициялык көпчүлүк жактырса, парламентке алып чыгабыз.

Өгөйлөнгөндөр жана обочодо калгандар

Бирок мындай кыскартуу айрым министрликтерди ынандырган жок. Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов өзү жетектеген ведомствонун Ички иштер министрлигине кошулушуна караманча каршы. Ал муну менен жарандык коргонуу системасы бузулат деп эсептейт.

Кубатбек Боронов
Кубатбек Боронов

- Эки министрлик таптакыр эки башка маселе менен иштейбиз. Ошондуктан туура эмес деп ойлойм. Бир канча агенттиктерди бириктирген жарандык коргонуу системасы деген бар. Анын башында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги турат. Эгер ушундай өзгөрүү болсо, системаны бузабыз. Эгер ИИМге кошулса, маселени ыкчам чечкенге тоскоолдук болот.

Маданият чөйрөсүнүн өкүлдөрү да мындай өзгөрүүлөрдү колдошкон жок. Ушул жылдарга чейин агенттик да, комитет да болуп келген бул тармак 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн декрети менен Маданият министрлиги болуп түзүлгөн. Анын кайра департамент болушун өгөйлөө катары кабылдашты. Алардын бири - төкмө акын Азамат Болгонбаев.

- Бирде министрлик, бирде агенттик болуп, бул тармак көп жылдардан бери эле түрткүнчүк болуп келатат. Өлкө өнүгүш үчүн адегенде экономиканы эмес, маданиятты өстүрүш керек. Тескерисинче, Маданият министрлигин президенттин карамагына өткөрүүнү сунуштайт элем. Анткени бул тармакта абдан көп чечилбеген маселелер бар. Ошолор эртерээк чечилмек деп ойлойм.

Түзүмдү эмес, планды...

Айрым маалыматтарга караганда, парламенттик шайлоо ушул жылдын октябрында болот деп болжолдонууда. Мөөнөтү бүтөр маалда жаңы долбоордун сунушталышын айрымдар шайлоого даярдык, ага ылайыктуу өкмөттү алып келүү аракети катары да сыпаттап жатышат.

Акылбек Жапаров
Акылбек Жапаров

Ал эми Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, мурдагы каржы министри Акылбек Жапаров министрликтерди кыскартуу демилгесин колдогону менен, ал өкмөттүн структурасын эле эмес, анын чыгаша бөлүгүн да чогуу кароо зарылдыгын белгиледи.

- Программа же түзүм өзгөрсө, өкмөт отставкага кетиши керек. Айрым бирөөлөрдүн азыркы өкмөттү кетирип, акыркы кемеге өздөрү отуралы деген тилектери да болсо керек... Бажы биримдигине киребиз деп атканда жалаң гана айыл чарба продуктуларын сыртка чыгара алабыз деп айтканбыз. Эгер ушундай орган жок болгондон кийин бул приоритет эмес дешет да. Анда эмнеге биримдикке кирдик? Бул ой негизинен туура, кыскартууга баруу керек. Бирок азыр парламент түзүмдү эмес, өкмөттүн антикризистик планын алып чыгышы керек.

Азыркы өкмөт 15 министрликтен, бир мамлекеттик комитеттен, 7 мамлекеттик агенттиктен турат. Ошондой эле өкмөт алдында дагы 10 мамлекеттик кызмат бар. Демилгечилер өкмөт макулдугун берди деген менен айрым өкмөт мүчөлөрү жаңы долбоор боюнча тааныштыгы жок экенин белгилешти.

XS
SM
MD
LG