Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:40

Кытай Далай Ламанын чет өлкөлөрдө кабыл алынышына нааразы


Кытай чет өлкөлөрдүн Далай Ламаны кабыл алуусуна нааразылыгын билдирди. Анын алдында АКШ президенти Барак Обама Тибеттин сүргүндөгү руханий лидери менен жолуккан. Кытай тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы "Бээжин башка өлкөлөрдүн Кытайдын ички иштерине кийлигишүүсүнө каршы" деп билдирди.

- Саясий бозгундагы Далай Лама динге жамынып, көп жылдардан бери Кытайга каршы жикчил иштерди жүргүзүүдө. Аны башка өлкөлөрдүн кабыл алуусуна, Тибет маселесин Кытайдын ички иштерине кийлигишүү үчүн пайдаланууга каршыбыз. Далай Лама саясий максаттарына колдоо табуу үчүн дүйнөнү кыдырып жүрөт. Бирок анын планы ишке ашпайт, - деди тышкы мекеменин өкүлү.

Обама үч жарым миңдей саясий жана диний лидерлер катышкан Вашингтондогу иш-чарада дин эркиндиктери жөнүндө сүйлөп жатып, Далай Ламаны “жакшы дос” деп атаган.

XS
SM
MD
LG