Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:02

“Апамдын жанына койгула...”


Жоомарт Кадыралиев
Жоомарт Кадыралиев

Кыргыз эл сүрөтчүсү, үчүнчү даражадагы “Манас” орденинин, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Жоомарт Кадыралиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 7-февралда өзү туулган айылда болот.

Замандаштары маркумдун эң ири эмгектеринин бири катары 1995-жылы Таласта курулган “Манас” этнографиялык комплексинин эскизин айтып келишет. Ал менен бармактайынан достук жана чыгармачылык байланышта болуп келген кесиптеши Орозбек Молдобаевдин айтымында, Жоомарт Кадыралиев кыргыз сүрөтчүлөрүнүн ичинен бараандуу сүрөтчү-манасчы болгон:

- Ал Манастын туулганынан баштап аягына чейин баскыч-баскычтарга бөлүп тарткан. Кыргыз сүрөт өнөрүндө Манасты тарткан көптөгөн сүрөтчүлөр бар. Сүрөттөрүн байкасаңыз Жоомарт алардан түп-тамыры менен өзгөчө. Ал ар бир жараткан эмгегинде эч кимге окшобогон өз кол тамгасын калтырган. Ошол эле учурда ал жөн гана кыл калем чебери эмес, философ да эле. Ошондуктан анын эмгектери терең иштелген. Менимче, Жоомарт Манасты сүрөт өнөрүндө кайра жаратууга келген уникалдуу феномен эле.

"Эсимде", Жоомарт Кадыралиев тарткан сүрөт.
"Эсимде", Жоомарт Кадыралиев тарткан сүрөт.

Молдобаевдин баамында, Кадыралиев живопись, монументалдык өнөрдө “Манас” эпосун терең изилдеп, анын негизинде кыргыз элинин тарыхый жашоо-турмушун, салт-санаасын, баатырдыгын, жаратылышын камтыган көлөмдүү эпопеясын түзүп кетти. Ошол эле учурда замандашы маркум сүрөтчү өзүнүн ар бир чыгармасына жеке инсандык асыл касиеттерин, кеменгер ой жүгүртүүлөрүн ширеткендиги менен да өзгөчөлөнүп турарын белгиледи.

please wait

No media source currently available

0:00 0:01:11 0:00
Түз линк

“Арноо” деген ырын нотага түшүрүп, мыкты ырчы, оркестр менен эл алдына алып чыксамбы деген ою бар эле.

please wait

No media source currently available

0:00 0:00:31 0:00
Түз линк

Жоомарт Кадыралиев сүрөтчүлүк кесиби менен кошо обончулук, аткаруучулук, күүчүлүк өнөрдү да айкалыштырып келген. Кыл калем чебери менен чыгармачылык байланышта жүргөн жазуучу Данияр Исановдун айтымында, Кадыралиев көп кырдуу өнөрдү алып жүрүү менен бирге чындыкты бетке айткан калыс, мекенчил инсан эле:

- Дайыма жолугушкан учурларда мамлекет кантип өнүгөт, кыргыз өзүнүн ар-намысын жоготпосо деген ойлорун айтчу. Ал өзүнүн чыгармачылыгынын негизги бөлүгүн Манаска арнады. Бирок мага күүлөрү да жагат. Мисалы «Шумкар уя» менен «Шер баяны» эмне деген керемет!

please wait

No media source currently available

0:00 0:01:30 0:00
Түз линк

“Шумкар уя”, “Шер баян” деген күүлөрүн Кыргыз эл артисти, белгилүү дирижер Эсенгул Жумабаев нотага түшүрүп, партитурасын жаздырып, “Камбаркан” эл аспаптар оркестринде аткартып чыккан.

please wait

No media source currently available

0:00 0:01:32 0:00
Түз линк

“Кыялымда” деген ырды Жоомарт Кадыралиев 1987-жылы улуу талант Сүймөнкул Чокморовдун өнөрканасында “Эсимде” деген өзүнүн өмүр таржымалын камтыган картинасын тартып жатып, ырдын обонун да, сөзүн да жазып, ырдап чыгат.

Сүрөтчү акыркы жыйырма жыл аралыгында кант диабети менен ооруп жүргөн. Ушундан улам жакындан бери Ысык-Ата эс алуу жайында дарыланып жаткан экен. Жубайы Эркайым Кадыралиева «Азаттыкка» Эл сүрөтчүсү көзү тирүүсүндө сөөгүн өзү туулуп-өскөн Жайыл районундагы Сары-Булак айылындагы көрүстөнгө койгула деп керээз калтырганын билдирди:

Жоомарт Кадыралиев.
Жоомарт Кадыралиев.

- Өзүнүн аманаты бар болчу. Каза болгондо өз айылымдагы апам жаткан мүрзөгө жатам деген. Биз ошону карманып, айылына алып келдик. Бул Кара-Балтанын үстүндөгү Турар Кожомбердиевдин, Субайдылда Абдыкадырова, Турар Койчуевдердин айылы.

Жубайынын айтымында, Эл сүрөтчүсү акыркы кезде ыр жазууга да басым жасап, өзүнүн 70 жылдык мааракесинде элге көп кырдуу жанрдагы чыгармачылыгын тартуулоону максат кылып жүргөн. Ал быйыл 69 жашта эле.

Жоомарт Кадыралиев 1946-жылы 18-июлда Чүйдүн Жайыл районундагы Сары-Булак айылында туулган. 1966-жылы ал кездеги Фрунзедеги сүрөт окуу жайын аяктаган. Андан ары билим алууну Москвадагы В.И.Суриков атындагы сүрөт институтунда улантып, ал жерде Александр Мызин, Клавдия Треволь сыяктуу атактуу сүрөтчүлөрдөн сабак алган.

1968-жылдан баштап сүрөт көргөзмөлөрүнө үзбөй катышып, Манас темасына кайрыла элек кезде эле “Эсимде”, “Туулган жер”, “Репрессиянын курмандыктарына эстелик”, “Кош бол, Алымкан” жана башка ондогон чыгармалары менен кыргыз сүрөт өнөрүндө өз ордун тапкан.

Маркумдун артында эки уул, эки кызы калды.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG