Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:15

Байден: Украина жашап кетүү үчүн күрөшүүдө


АКШнын вице-президенти Жо Байден Орусия өкмөттүк күчтөр менен жикчилдердин тирешүүсүнө кийлигишип жаткан кезде Украина “жашап кетүү” үчүн күрөшүүдө деп билдирди.

Европа комиссиясынын төрагасы Доналд Туск менен Брюсселдеги биргелешкен пресс-конференцияда Байден Москвага “Европанын картасын кайра чийүүгө жол берилбейт. Кошмо Штаттары менен Европа мындай учурда бирге турууга тийиш”, - деди. Туск Украинадагы абал күн сайын начарлап баратканын белгиледи:

- Украинанын эгемендиги, суверенитети жана аймактык бүтүндүгү урматталууга тийиш. Европа биримдиги украиналыктарга колдоо көрсөтүүнү уланта бермекчи. Заманбап, өнүккөн жана демократиялык коомго жетишүү үчүн керектүү реформаларга жардам беребиз.

Бейшембиде АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Киевде украин жетекчилиги менен кездешкенде Орусиянын өлкө чыгышындагы агрессиясын Украина туш болуп жаткан эң чоң коркунуч деп сыпаттаган.

Керринин айтымында, президент Барак Обама жикчилдерге каршы күрөшүү үчүн Украинага курал-жарак берип-бербөө маселесин чечмекчи. Москва андай кадамды коопсуздукка коркунуч катары карарын ырастоодо.

Ал тапта Германиянын канцлери Ангела Меркел жана Франциянын президенти Франсуа Олланд Украина боюнча тынчтык планын сунуш кылышты.

XS
SM
MD
LG